Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" МИнын атайын бөлүмүнүн кызматкерлеринин  адаттагы күнү мыйзамсыз орнотулган павильондорду демонтаждоо менен башталат.

Биз шаарды "мыйзамсыз" орнотулган объекттердин туткунунан бошотууну өзгөчө кырдаал режиминде дагы улантуудабыз.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" МИсы П. Лумумба көчөсү менен Кубаныч жана Шаттык көчөлөрүнүн кесилишиндеги өз билемдик менен орнотулган 3 павильонду демонтаждоого киришти.

Жибек-Жолу проспектисинин жана Дзержинский көчөсүнүн кесилишиндеги  павильон дагы ордунан алынды, дүкөндүн ээсинде иштөөгө уруксат болгон эмес.

Жибек-Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинин №58, №59 үйлөрүнүн жанындагы жана "Аламедин-1"  кичирайонундагы   туш келди орнотулган жарнамалык көрнөктөр, штендерлер алынды.

Урматтуу ишкерлер! Сиздерди жер пайдалануунун жана курулуштун эрежелерин так сактоону суранабыз.

Сүйүктүү бишкектиктер! Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес белгиленген жерде орнотуоган курулуштарды көрөсүз, фото жана видеофакттыларын: 070363383 Алина, ошондой эле, жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын : Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg социалдык тармактардагы баракчаларына жиберүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар! Бет кап тагынып, колуңуздарды жууп турууну унутпаңыздар.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!