Борбордогу эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга чейин вируска шектелип өзүн-өзү дарылагандардын фактылары бар. Бишкекте Covid-19 илдетинин 468 учуру катталды.

Борбор калаада 118 өз алдынча дартты аныктоо байланыш кызматы иштеп жатат. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери каттоодо турган бейтаптары менен иштешүүдө. Бирок жалгыз байланыш кызматы жетиштүү эмес болгондуктан,  түшүндүрүү иштери улантылат жана күчөтүлөт.

Борбордун турак-жай конуштарын үймө үй кыдыруу чечими кабыл алынды.

Дарыгерлердин курамынан турган мобилдик топтор, кварталдык, үй комитеттеринин мүчөлөрү менен жекшемби күнү «Арча-Бешик», «Ак-Орго», «Ак-Ордо», «Көк-Жар», «Кара-Жыгач», «Рухий-Мурас», «Алтын-Ордо», «Ак Босого», «Көлмө», «Калыс-Ордо», «Алтын-Казык», «Учкун», «Бакай-Ата», «Эне-Сай», «Дордой», «Ак-Бата» и «Ак-Тилек» жаңы конуштарын кыдырып чыгышты. Иш алгоритм боюнча так жүргүзүлөт: шаардыктардын үйүндө эч ким келбейт, ден соолугу тууралуу оозеки сурамжылоо өткөрүлүп, даттануулар боюнча тизмелер түзүлөт.

Медициналык үймө үй кыдыруулар таажытумоо илдетинин таралышын токтотуу жана шаардыктарды илдеттен коргоо үчүн жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, дарыгерлердин төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Социалдык тармактарда талкууланып жаткан кырдаал туурасында айта кетсек, дарыгердин маршруттук картасы туура эмес түзүлгөн, көйгөй чечилген, кошумча акча төлөнүп берилет. Азыр биздин дарыгерлер вахта режиминде иштешүүдө, алар үйлөрүнө барбайт, биз үчүн азыр аларды колдоо маанилүү.

Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек, 118 ыкчам байланыш кызматы эртең мененки 8ден кечки 19га чейин иштейт. Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:

Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;

COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;

Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Илдетти  аныктоо коркунучу жаралса, мобилдик медициналык топтор тез арада ПЦР үчүн мазок алуу үчүн  барышат. Бардык кызматтар АКЫСЫЗ!

Урматтуу шаардыктар! Үйүңүздөрдө калыңыздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү  шаарыбыз!