Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку мүдүрү Алексей Петрушевскийдин кайрадан калыбына келтирүү маселеси боюнча сот отуруму болуп өттү.

Бир жылдык сот процесстеринен кийин Бишкек шаардык соту А. Петрушевскийди борбордун мүдүрүнүн кызматынан бошотуу чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.

Эске салсак, А. Петрушевский өткөн жылдын март айында кызматтан бошотулган, чечимди Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 12-пункту жана 326-беренесинин 2-пунктунун негизинде чыгарган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!