Акыркы 24 саат ичинде борбор калаада COVID-19 инфекциясынын 16 жаңы учуру катталды, Бишкекте илдет жугузгандардын  жалпы саны 484кө жетти.

Өкүнүчтүүсү, инфекциялангандардын арасында биздин кызматкерлер дагы бар, алар көпчүлүктөй эле алдыңкы катарда турушат.Райондук акимчиликтин кызматкерлери жогорку даярдыкта иштешет, чет өлкөдөн келген мекендештерибизди тосуп алышат, аларды обсервацияга жайгаштырышат. Акимияттын кызматкерлеринин көпчүлүгү короолорду кыдырууда жана санитардык рейддерде катышышат. Алгоритмдерге ылайык, бардык тартылган кызматкерлер СOVID-19 үчүн керектүү тесттерден өтүп турушат. ПЦР тестинин тастыкталган учуру акимиаттан эмес, Октябрь райондук билим берүү борборунун төрт кызматкеринен табылды. Райондук билим берүү борборунун башчысы менен кошо 40 кызматкери үй карантининде. COVID-19 ошондой эле Свердлов акимиатынын каржы адисинен аныкталган, ал 5 адам менен байланышта болгон.

Бардык инфекция жуктургандар ооруканага жаткырылды, байланышта болгон айлана чөйрөсү протокол боюнча аныкталып үй карантинине жиберилди, алар дарыгерлердин байкоосу алдында болушат. МСЭКБ (мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору) ар бир учур боюнча мазокторду иргеп алышты. Кырдаал шаардык штабдын көзөмөлүндө.

Азыркы учурда Октябрь жана Свердлов муниципалдык администрациясынын имараттары мезгил-мезгили менен кылдат дезинфекциялоодон өтүп, штаттык режимде иштеп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Борбордо карантин экенин унутпаңыздар, өзгөчө кырдаал режими күчүндө болууда. Өтүнөбүз! Бет кап, кол кап режимин жана аралыкты так сактаңыздар! Вирус бар, ал абдан коркунучтуу.

Ушул коргонуу чаралар гана сизди жана жакындарыңызды оорудан сактап калууга жардам берет!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!