"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардык көчөлөрдү жаңы жана заманбап жарык диоддуу чырактар менен жабдууну улантууда.

Талды-Суйская көчөсүндө тышкы жарыктандыруу жүргүзүлдү. 52 заманбап LED чырак кронштейндерлери менен орнотулуп, 1500 метр аба чубалгылары тартылды.

Көп жылдардан бери жарыгы жок: Волкова, Мурманский, Мессароша, Кокчетавский, П. Лумумба көчөлөрүндө жана  №12, "Жал", "Тунгуч" кичирайондорунда жана "Арча-Бешик" жаңы конушунун Шербет көчөсүн бойлой жаңы таянычтарды орнотуу иштери уланууда, бул жерде тышкы жарыктандыруунун 88 таянычы орнотулду.

Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн ар дайым ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныз болот.

Биз менен чогуу күч дагы келсин!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!