Урматтуу ата-энелер, балдар, мугалимдер! Социалдык тармактарда мектептерде ата-энелерден аттестаттарга акча чогултулууда деген маалымат пайда болду.

Бул маселелер борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецованын жеке көзөмөлүндө экендигин билдиребиз.

Билими жөнүндө документ толугу менен акысыз берилет. Төлөм күбөлүктүн дубликатын алганда гана талап кылынат! Иш-кагаздын тышы үчүн - 41 сом, кошумча дубликат үчүн - 20 сом, төлөө бир гана банк аркылуу жүргүзүлөт!

Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, мектептердин жана бала бакчалардын мүдүрлөрүнө жана мугалимдерине күбөлүк алуу үчүн, бала бакчаларга жана мектептерге, класстык казынага, алдыңкы жана жыйынтыктоочу сынактарды өткөрүп берүү, толтуруу жана башка негизсиз чыгымдар үчүн каржылык жана башка төлөмдөрдү алууга тыюу салынат. Билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү буйругу бар!

Мыйзамды бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик билим берүү башкармалыгынын райондук борборлорунун жетекчилерине жана мектептердин мүдүрлөрүнө жүктөлгөн.

Кымбаттуу ата-энелер, балдар! Эгерде күтүлбөгөн жерден сизден же сиздин тааныштарыңыздан "кошумча" кызматтар үчүн төлөм талап кылынса, Татьяна Кузнецованын жеке WhatsApp номуруна, сүрөт жана видео фактыларды дароо жөнөтүңүз: 0554 312038. Вице-мэр ар дайым байланышта!

Үйүңүздөрдө калууну суранабыз! Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар! Вирус бар жана ал кооптуу!

Бишкек-Балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!