Биз шаардык кызматтардын иштерин санариптештирүү боюнча иштерди улантуудабыз. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) санариптик форматка өттү.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу, ыкчам иш алып баруу жана тез чара көрүү үчүн кодторунун системасы (QR-код) иштелип чыккан. Эми муниципалдык жердеги ар бир объекттин өзүнчө атайын коду болот. Адистер аны ишке киргизүү менен жер участогу, анын функционалдык багыты жөнүндө маалыматтарды, келишимдин номерин жана жарактуулук мөөнөтүн, ижарачы тууралуу маалыматтарды, төлөмдөр боюнча маалыматтарды ала алышат.

Бирдиктүү электрондук тутум жол-жоболоштуруу маселелерине жумшала турган убакытты кыскартат.

QR-кодторду алгач муниципалдык жерде жайгашкан соода павильондор жана дүкөндөр алышат.

Ошондой эле ЖРБ автоматташтырылган маалыматтык тутумдун (АМТ) базасында жаңы “электрондук күн тартип” тутумун биринчилерден болуп интеграциялады.

АМТга түшкөн арыздардын негизинде, жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча комиссиялардын жыйындарынын күн тартибин автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул технологиялар шаардыктардын арыздарын кезек тартибинде кароого жана коррупциялык тобокелдиктерди четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Бишкек-сүйүктүү укуктук шаарыбыз!