Эртеңки күндөн тарта борбордогу балдар бакчаларынын иши жандандырылат. Бишкекте 87 Муниципалдык бала бакча, 12 мекемелик жана 218ке жакын жеке менчик бала бакча иштейт.

Ар бир баланын, мугалимдин, бала бакчанын тарбиячысынын ден-соолугуна кабатырланып, Республикалык штаб менчиктин формасына карабастан, бардык бала бакчалардын кызматкерлерин тестирлөө ыкмасы боюнча муниципалитеттин сунушун колдоду.

Урматтуу мамлекеттик жана жеке менчик мектепке чейинки мекемелердин жетекчилери! Ар бир ата-эне балдарынын коопсуз болушуна ишеним сезиши керек.

Ошондуктан шашылыш түрдө өз кызматкерлеринин тизмесин райондук акимиатка беришиңиздер зарыл, ар бир район боюнча сиздин кызматкерлериңиздин ден соолугунун абалын текшерүүсүн уюштура турган жооптуу кызматкерлер аныкталганын билдиребиз. Анализдерди алуу акысыз жүргүзүлөт.

Октябрь району: 51 02 01, 0501 00 13 11 - Рахмидин Халилов;

Свердлов району: 531583, 0551 80 05 41 – Анара Насирдин;

Ленин району: 65 68 79, 0700 11 06 29 – Бермет Исаева;

Биринчи май району: 62 35 02, 0702 12 19 82 – Гүлжан Жангазиева

Ошондой эле биз иштеп чыктык:

1.Балдар бакчаларынын ишинин убактылуу жоболору;

2. Ата-энелер үчүн анкеталар;

3. Ата-энесинин өз баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелеринин формасы.

Иш-кагаздарда пандемия доорунда балдар бакчаларынын иштөө шарттары аныкталган. Документ менен КР Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылган соң таанышууга болот.

Урматтуу жетекчилер, ата-энелер, мугалимдер! Балдар жана мугалимдер үчүн бардык тийиштүү санитардык-гигиеналык шарттарды түзүүнү ишенимдүү өтүнөбүз! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Өзүңүздү, жакындарыңызды, үй-бүлөңүздү жана кызматкерлериңизди колдоңудар! Вирус бар, ал кооптуу!

Бишкек-Балдар үчүн сүйүктүү шаар!