Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, санитардык ченемдерди сактоо менен, кыргыз тили боюнча окутуучу семинар-тренингдерди улантып өткөрө баштады.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаардык сейил бактар» МИнин, «Тазалык» МИнин, “Санариптик технологиялар борбору» МИнин жана «Колл-борбору» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерин мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык корутунду жасоого үйрөтүштү.

Лингво-тренингдер абдан кызыктуу өтүп, угуучулар расмий документтерди түзүүнүн стилистикасын талдашып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча тажрыйбалары менен алмашышты.

Семинар-тренингди Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова өткөрүп, кесиптештер менен тажрыйба бөлүштү.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактагыла!

COVID-19дан сактануу эрежелерин сактагыла! Вирус бар жана ал коркунучтуу.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!