Мэрия өзгөчө кырдаал убагында көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлугү чектелген жарандарга жана пенсионерлерге жардам берүүнү улантууда.

Биз жардам көрсөтүүнүн көлөмүн жогорулатып, муниципалитеттин, Өкмөттүн, бизнестин, кайрымдуулук фонддорунун жана жеке менчик кайыр-садагалардын ресурстарын бириктирип, жеткирүүнү тездетүү үчүн ар бир аймак боюнча топторго бөлүндүк.

4-июнда карата  Бишкекте шаардын төрт районунан 125 миң 447 үй-бүлө колдоого алынды.

Урматтуу шаардыктар! Өтунөбуз! Эгер  сиздерге, же кошуналарыңызга жардам керек болсо, райондук штабдарга кайрылыңыздар. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 576550, 0555 401681, 0709 812324

Мэриянын волонтердук штабы: 0551 573989.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!