Бүгүн борбордун социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова россиялык шаарлардын союзунун (РШС) жана КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ)  эл аралык конференциясына катышты.

Шаарлардын жана жергиликтүү жамааттардын  жетекчилери пандемия доорунда жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан кырдаалды жана жүргүзүлүп жаткан чараларды талкуулашты.
Онлайн-сүйлөшүүлөргө Россиянын РШСнун башкы директору   Александра Егнатьева,  Москва шаардык Думасынын өкүлдөрү, КР ЖӨБнун союзунун төрагасы Бактыбек Чанчаров, Россиянын жана Кыргызстандын шаарларынын мэрлери жана шаар башчыларынын орун басарлары катышышты. .


Биз жарандарды ковид-19дан коргоонун негизги алгоритмдери жана ийгиликтүү ыкмалары тууралуу талкууладык, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө кырдаал учурунда кабыл алынган чечимдерге анализ жүргүзүп, пандемиядан кийин шаар жашоосун үзгүлтүксүз калыбына келтирүү максаттар менен бөлүштүк.

Белгилей кетсек, КР ЖӨБ союзу 2010-жыллын 27-октябрында  КР ЖӨБ органдарынын жалпы республикалык чогулушунун чечими менен түзүлгөн.

Россиялык шаарлардын союзу Россия Федерациясында жергиликтүү өз алдынча башкарууну түзүү жана өнүктүрүү максатында 1991-жылдын 13-мартында түзүлгөн.
Ал эми биз азыркы учурда ар бирибиз  гигиенаны күчөтүп жана карантиндик чаралардыкарантиндик чараларды так карманышыбыз керек экендиги жөнүндө бишкектиктерге эскертебиз.  Жоопкерчилик гана таажытумоо илдетин жеңүүгө жардам берет!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!