Райондук акимиаттар, мериянын санитардык-экологиялык инспекциясы шаардыктардын коопсуздугу үчүн шаарды санитардык ченемдерди бузгандардан  коргоону улантышууда.

Биз ар бир чарба субъекттерин кыдырып, ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, ошондой эле жарандар тартип бузуучуларды "кармоого", укук бузуулар жөнүндө фото жана видео материалдарын жиберүүгө жардам берип жатышат.


Кечээ Бишкектин  тургуну биз менен байланышып, Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги Bootcamp компьютердик клубу тыюу салынганына карабастан, ишин улантып, арткы эшик аркылуу кардарларды кабыл алып, оюн бөлмөсүнүн ичи толо эл, өспүрүмдөр экендиги тууралуу билдирди.

Биринчи Май районунун ыкчам тобу  ошол түнү ал жерге барышып, карантиндик эреже бузулгандыгы аныкталды, клубдун администрациясына карата Бузуулар Кодексинин 293-беренеси боюнча эки административдик протокол түзүлүп, 6 миң сом өлчөмүндө экинчи категориядагы санкция киргизилди.

Урматтуу ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы өзүңүздөрдү коргоону суранат....Вирус Бишкекте, ал кооптуу!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!