Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" МИнын атайын бөлүмүнүн кызматкерлеринин  адаттагы күнү мыйзамсыз орнотулган павильондорду демонтаждоо менен башталат.


Бүгүн биздин күнүбүз  "Ата-Түрк" сейил багындагы мыйзамсыз атракциондордун демонтажы менен башталды, 9-июнга карата уруксатсыз иштеген дагы үч аттракцион алынды: кичи америкалык горка, чынжыр карусели жана «Пиратский корабль» селкинчеги. Белгилей кетсек, 28 аттракциондун 25и демонтаждалган.

Ошондой эле, "Арча-Бешик" конушундагы Ахунбаев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги май алмаштыруу павильону алынды.

Волков жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски жана каралбаган вагон алынып салынды.
"ДосКредоБанк" банкынын администрациясы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн соң, Манас проспектисинин менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги кирүү тобунун металл конструкциясын өз ыктыяры менен алышты.

Шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо уланууда.

Урматтуу ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануунун жана курулуштун эрежелерин так сактоону суранабыз.

Сүйүктүү бишкектиктер! Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес белгиленген жерде орнотуоган курулуштарды көрөсүз, фото жана видеофакттыларын: 070363383 Алина, ошондой эле, жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын : Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg социалдык тармактардагы баракчаларына жиберүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар! Вирус бар, ал кооптуу...

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!