Борбор калаанын шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча активдүү иштеп жатат, санариптик реформалар "Тазалыкта" дагы башталууда.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов "Тазалык"ишканасынын жамааты менен жолукту.

Эми ар бир короо шыпыргыч, ар бир жумуш орду санариптик көзөмөлдөөгө өткөрүлөт. 54 атайын техниканын каттамдарын жана коротулган күйүүчү майдын ар бир литирин  GPS навигатор жана ДУТтар (күйүүчү майдын деңгээлинин датчиктери) эсепке алууда. Жакында трекерлер ишкананын ар бир атайын техникаларында орнотулуп, smart-көзөмөлдөө пайда болот.

Жаңы чечимдер иштин натыйжалуулугун жогорулатып, чыгымдарды оптималдаштыруу менен ресурстарды короо шыпыргычтардын эмгек акысын жогорулатуу үчүн жумшоого мүмкүндүк берет.

Ростовская көчөсү  19б,  Ала-Арчинская көчөсү 74 жана «Алтын Казык» конушундагы Б. Махмудов көчөсүндөгү таштанды полигонундагы  ишкананын базаларында 20 видеобайкоо камералары орнотулуп, каттамдагы ар бир автоунаанын ишин Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр М.Амантуровдун иш бөлмөсүнөн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Социалдык түйүндөрдө субъективдүү пикирлер менен жолугушуудагы видеонун монтаждалган фрагменттери тарап жатат. Видеону толук бул жерден көрсөңүздөр болот: https://t.me/bishkekcityhallmedia

Өзгөрүүлөр сөзсүз жүргүзүлөт…

Бишкек-сүйүктүү санариптик шаарыбыз!