Курулуштун ээлерине «Тоскоолдуктарды чектетүү жөнүндө» эскертүүсү берилди. Эскертүүлөрдү аткарылбагандыгына байланыштуу материалдар Биринчи май райондук сотуна жиберилди.


Биринчи май райондук сотунун токтому менен Теӊдик көчөсү №5 дарегинин ээси Канат уулу Жыргал административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси боюнча  10 миӊ сом өлчөмүндөгү айыпка тартылды. Ошондой эле, 3х7 метр өлчөмүндөгү темир тосмо алынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.


Ошондой эле, №9 дарегинин ээси Абдивалиев Н.Б. айып түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды. Жер тилкесин баштапкы абалга келтирилип, 7х20 метр өлчөмүндөгү бышкан кирпичтен тургузулган дубал түрттүрүлдү.


2015-жылдын 11-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 курулуш түрттүрүлүп, баштапкы абалга келтирилди.

 

ул. Тендик №5, до сноса

После сноса

ул. Тендик №9, до сноса

После сноса