Шаарды көрктөндүрүү боюнча пландуу иштер уланууда.

Шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл зоналарды, веложолдорду, сейил жана гүл бактарды көбөйтүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдөбүз.

Күн сайын биз тротуарды жана велосипед тармагын куруп, иштин көлөмүн жогорулатып жатабыз. "Бишкекбашкыархитектура" даярдаган долбоорлор боюнча "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканалары жөө жүргүнчүлөр зоналарын куруу жана көрктөндүрүү үстүндө иш алып барышууда.

Ушул тапта, "Бишкекасфальтсервистин" кызматкерлери шаардын түштүк бөлүгүндөгү айланма жолдун акыркы бөлүгүндө иштеп жатышат. Совмин турак жай районунун аймагында асфальт төшөлүп,  Д.Асанов сейил багында  жээкташтар көрктөндүрүлүп, 20 күндүн ичинде объектти толугу менен аяктоону пландап жатабыз. Манас, Чүй проспектисин жана Байтик Баатыр көчөсүн бойлой,  узундугу 18,4 км. түзгөн "П" түрүндөгү вело жана тротуар жолдун курулушу дагы кызуужүрүп жаткан учуру. Чүй проспектиси боюнча курулуш толугу менен аяктаган.

Азыр Манас проспекти менен Абдрахманов көчөсүнө асфальт төшөп жатабыз. Атактуу Моссоветте асфальт төшөлдү, Кулатовдон Ахунбаевге чейин даярдык иштери жүрүп жатат. "Жал" кичи районундагы веложол "Г" түрүндө болот. Ахунбаев көчөсүнүн  А.Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин Ахунбаев көчөсүн бойлой Тыналиев көчөсүнөн Тынчтык проспектине чейин. Жалпы узундугу 2,2 км. жакында асфальт төшөө иштери башталат.

Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки Дэн Сяопин көчөсүн бойлой курулуп жаткан узундугу 4,4 км түзгөн веложолдун  курулушу дагы кызуу жүрүп жатат. Бир жуманын ичинде Интергельпо жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишинде, андан П.Лумумбы көчөсүнө чейин төшөө иштери башталат,топурак даярдалууда. Жакын арада, ден соолугубузду жана айлана-чөйрөнү сактап велосепедке өтсөк болот! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!