Урматтуу шаардыктар! "Айылдык" суу суу топтомосунун профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу, 16-июнда эртең мененки саат 9дан кечки саат 19га чейин "Тунгуч" кичирайонунда, кичи райондун жеке секторунда, "Рухий Мурас" конушунда ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат, анын ичинде: №73, №92 мектептерде жана №181 балдар бакчасында.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, таза суу менен камсызданып алууңуздарды өтүнөбүз.
Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланыштуу бардык маселелер боюнча : 1533 - номуруна чалыңыздар, бул шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү "суу түтүк" борбору. Ошондой эле, күнү-түнү борбордук мэриянын 1840 жана 1850  байланыш кызматы  иштейт , ал эми фото жана видеофакты менен көйгөйлөрдү мурдагыдай эле WhatsApp аркылуу: 0554 182-185 жиберсеңиздер болот.

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!