Санитардык стандарттарды так сактоо менен, шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэриясы менен ар улуттук корпорация "Дастан"  ААК жана "Анфея" компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Документке Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана "Дастан" ар улуттук корпорация ААКнун башкармалыгынын төрагасы Талантбек Иманов жана "Анфея" компаниясынын башкы директору Эльмира Мыкыева кол коюшту.
Тараптар шаардык телекоммуникация инфраструктурасын өнүктүрүү жана шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты.

Меморандумдун алкагында компаниялар электр жана телекоммуникациялык инфраструктураны уюштуруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга, магистралдык жана сырткы жабдууларды орнотууга даяр. Ошондой эле троллейбус электр мамычаларынын тармагын тартипке келтирүүгө.

Ишкерлер шаар жана шаар тургундары үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырыла турган долбоорлорду презентациялады.

Белгилейкетсек, "Дастан" ар улуттук корпорация ААКнын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү аскер-деңиз техникасынын тутумдарын, электрондук шаймандарды, медициналык центрифугаларды, керектөөчү товарларды, анын ичинде электр шаймандарын, жылытуучу шаймандарды, стандарттык эмес жабдууларды жана башка өнөр жай жана техникалык товарларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу болуп саналат.

“Анфея” (Optinetworks тм) компаниясы Чалдовар - Бишкек, Бишкек - Балыкчи, Бишкек - Кордай маршруттары боюнча Чүй жана Ысык-Көл облустарында өз магистралдык була-оптикалык тармагы бар Кыргыз Республикасынын жаңы инфраструктуралык байланыш оператору.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!