15-июнда биздин кесиптешибиз, насаатчы жана эң жакшы адам Тойгонбаев Эсенаман Тойгонбаевич 84-жашында  дүйнө салды.
Эсенаман Тойгонбаевич жашоосун Бишкек шаарын өнүктүрүүгө арнаган,
Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин жүргүнчүлөрдү ташуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген,
Свердлов райондук аткаруу комитетинин төрагасы,
"Тазалык" атайын базасынын башчысы, "Мээнет" муниципалдык чарбасынын өндүрүштүк бирикмесинин башкы инженери,
Фрунзе шаардык кеңешинин жана Свердлов райондук кеңешинин депутаты болуп бир нече жолу шайланган. Акыркы жылдары Эсенаман Тойгонбаевич шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы болгон. Бишкек шаарынын мэриясы Эсенаман Тойгонбаевичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко болсун!
Бишкек шаарынын мэриясы