Бишкек шаарынын мэриясынын командасында кадрдык алмашуулар болду.

Борбордук мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп Иманалиева Элмира Сансызбаевна дайындалды. Мурда, 2008-жылы, ал бул башкармалыкты жетектеген, андан тышкары билим берүү борборунун директору, социалдык маселелер боюнча Биринчи май районунун акиминин орун басары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин министринин орун басары, борбор калаанын вице-мэри кызматтарында иштеген, Кыргыз Республикасынын ЖКнын депутаты болуп шайланган. Амангелдиев Медербек Амангелдиевич санитардык-экологиялык инспекциянын башчысы болуп дайындалды, буга чейин инспекциянын жетекчисинин милдетин аткаруучусу болуп иштеп келген.

Октябрь акимиатындадагы кадр жаңылыктары.
Акыры райондун акиминин социалдык маселелер боюнча жаңы орун басары болуп Арстамбекова Айнура Джанышовна дайындалды, буга чейин ал Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратында иштеген.
Октябрь акимиатынын аппарат жетекчиси болуп Дороев Азамат Кубанычбекович дайындалды.Буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!