Октябрь районунда кургак тиричилик таштандыларын чыгаруу  бир нече себептерден улам убагында чыгарылбай калган.  Аптанын бою  күнүнө эки жолу Октябрь райондук администрациясы биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков, район башчысы Болот Алымкулов, акимдин орун басары Таалайбек Акматбаев, «Тазалык» МИнын жетекчилеринин катышуусунда «Тазалык» МИнын иштөө механизми жана ыкмалары талкууланды.


Бүгүнкү күндө «Тазалык» муниципалдык ишканасын реформалоонун ар кандай варианттары, ошондой эле, КТК чыгарууга жеке компанияларды тартуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.  Атайы техникалардын жетишсиздиги, абоненттик төлөмдөрдүн төмөндүгү, таштанды үчүн контейнерлердин жетишсиздиги, шаар тургундарынын маданиятынын төмөндүгү көйгөйлөрдү жаратууда.


Таштанды бактары жайгаштырылган бардык жерлер көзөмөлгө алынып, таштанды чогултуучу техниканын айдоочусуна жаӊы маршруттук барак түзүлдү. Бүгүнкү күндө Октябрь районунда таштанды чыгаруу абалы калыбына келтирилди. Буга чейин акимдин орун басарынын телефон номерине күнүнө 70 билдирүү келип түшсө, 9-сентябрда 11 билдирүү, анын ичинде 3 билдирүү аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирүүсү.


10-сентябрда 9 билдирүү, анын ичинен 2 си ыраазычылык менен.