Мурда Жеке турак-жай курулуш департаментине Куренкеев, Магаданская, Тыныстанов жана Маяковский көчөлөрүнүн тургундары Александровский тар көчөсү №27 үйүнүн ээси курулуш жолу жолду тосуп алгандыгы тууралуу жамаат менен арыз жазышкан.


Объекти текшерүү учурунда аталган дарек Мамасидикова У.А.га катталган жана  жер тилкесин 980 кв. метрге, башкача айтканда 10 сотыхка мыйзамсыз кеӊейтип алгандыгы аныкталды.


Департамент тарабынан «Аныкталган бузууларды чектетүү жөнүндө» эскертүүсү берилген. Эскертүүнү аткарбагандыгына байланыштуу материалдар Свердлов райондук сотуна жиберилди. 2013-жылдын 13-июнунда Мамасидиков У.А. күнөлүү деп табылып, соттун чечими менен мыйзамсыз курулушту түрттүрүү милдеттендирилген.


Өз ыктыяры менен буздуруунун аткаруу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу мажбурланган буздуруу жүргүзүлдү. Учурда Александровский тар көчөсүнөн өтмөк жол ачылды жана жакынкы аралыкта кыймыл дагы ачылат.