Бүгүн саат 13:40 чамасында Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташуучу унаа тез медициналык жардам унаасы менен кагышты.

Тез жардам күйүп-жанган жарыгы менен автокырсыкка кабылгандарга чакырууга бара жаткан. Кесилиштен чыга калган КамАЗ аларды күү менен сүзгөндө дарыгерлердин автоунаасы светофорго урунган. Ошол жерде турган дагы бир жолтандабас кырсыктан жабыркаган.

Кырсык болгон жерде патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барууда.

Тез жардамдын ичинде дарыгер, эки фельдшер жана айдоочу болгон.

Жабыркагандар Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилди. Башкы дарыгер Алмазбек Куватбековдун айтымында,  баарынын баш сөөгү жана дене бою жабыркаган.
Фельдшер аялдын бири оор абалда реанимацияда жатат. Алдын ала берилген маалыматта, денесинин көп жеринен жана мээсинен жаракат алган.

Тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов, аталган оорукананын бөлүм башчысы Талант Сарымсаков жана Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова азыркы учурда  жабыр тарткандардын жанында, ооруканада карантин режими сакталууда.


Урматтуу айдоочулар! Жолдо этият болуңуздар! Шашпаңыздар! Эгер сиз тез жардамды же башка күйүп-жанган жарыгы менен  кызматтарын көрүп калсаңыз, жол бериңиз! Алар адамдын өмүрүн сактап калууга шашып барышат! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!