Бишкекте таң. Шаар ойгонуп жатат. Борбор калаадагы автобустар, троллейбустар жана кичиавтобустар каттамдарда. Муниципалитеттин кызматкерлери коомдук транспорттордун салондорундагы санитардык чегемдердин сакталышын текшерүүнү улантышууда.

22-июнга карата 1 миң 137 транспорт каражаттары санитардык текшерүүдөн өттү, шаардык транспорт башкармалыгынын, троллейбустук башкармалыктын жана автобустук парктын жана Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Транспорт инспекциясы менен бирге салондордогу тазалыкты, санитардык тазалоочу каражаттын бар-жогун, мээлей-маска режиминин сакталышын текшерип, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
1 – июндан тарта МСЭКБ тарабы боюнча айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 150-беренесине ылайык 132 протокол түзүлүп, 132 миң сом айып пул салынган жана 293-берене боюнча тогуз протокол менен жеке ташуучулардын башчыларына каршы айып пулдун суммасы 117 миң сомду түзгөн.


Транспорттук блокко салынган айыптын жалпы суммасы 249 миң сомду түздү!
Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Коопсуздук чараларын сактоону суранабыз, Бишкекте вирус бар жана абдан кооптуу! Жоопкерчилик ар бирибиздин милдетибиз!
Санитардык ченемдерди, жеке тазалыкты, аралыкты так сактооү, илдетке каршы күрөшүүдө бизге жардам берет.
Өтүнөбүз, үйүңүздөрдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!


Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!