Бишкекте - карантин. Шаардык кызматтар коомдук жайларда дезинфекциялоону күчөтүштү.


Шаардын базарларында  жума сайын соода түйүндөр жана өтмөктөр толугу менен дезинфекцияланат.

Свердлов районунда 35 базар жана кичи базар бар, алардын ичинен: Дордой, Дордой (унаа тетиктер), Мурас-спорт, Джунхай-Дордой, Форт (Оберон), Алкан базарлары, Ак-Суу, Кербен, Евразия, Алтын-Тоо, муниципалдык Базар,Делюкс, Дордой-Спорт, Аламедин базары, Алдаяр, курулуш базары, Таш-Рабат 1,2, Техномаркет жана Эталон строй дүйшөмбү күн сайын дезинфекцияланат.

Калган Ак-Эммир, Уйго Жарашык, Ыйман, Жарманке Мега-Комфорт, Аалам , Чолпон, Шар-Чебер ОЭБ, Көк-Сай, Арпа ОсОО "КААР", м/б Айдин базарларында санитардык күн шейшемби күндөрүнө белгиленди.

Курама-Чан (Чынар ), Мадина, Таалай шаршемби сайын зыянсыздандырылат. Бейшемби күнү Бабакан жана Эдиз (Улар) базарлары тазалоо иштери үчүн  жабылат.


Октябрь районундагы Ортосай базарында дезинфекция дүйшөмбү сайын жүргүзүлөт.
Биринчи май районунун аймагындагы "Азиз" дүң-соода базары жума сайын, ал эми "Сары-Өзөн" дүйшөмбү сайын дезинфекцияланат.

Унаа тетиктерин сатуучу "Кудайберген" юбазарында дезинфекциялык тазалоо жумасына үч жолу өткөрүлөт – шейшемби, бейшемби жана ишемби – эртең мененки саат 6дан 10го чейин.

Ленин районунун аймагында 24 базар бар, алардын ичинен 17си Ош базарынын аймагында: "Ош-базары" СК жана "Дордой Дыйкан",  "Боорукер" кичи-базары, "Элит-строй", "Жумушчу", "Баткен-комфорт", "Уста" курулуш базарлары - дүйшөмбү сайын санитардык күнгө жабылышат.

Урматтуу шаардыктар! Эгер шаардын базарларына баруу зарыл болсо, бардык санитардык ченемдерди бекем сактоо менен жеке коргонуу каражаттарын колдонуңуздар. Эгерде шашылыш муктаждык болбосо, коомдук жайларга барбоону жана үйдө калууну суранабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!