Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарында карантин, өзгөчө кырдаал режими уланууда. Мурдагыдай эле, жарандардан үйдө болууну, коомдук жайларга  баруудан алыс болууну жана санитардык ченемдерди сактоону суранабыз.

Бул маалыматт менен бөлүшүүнү өтүнөбүз!
Жаңдоо тилинин котормочусу Нина Золотницинанын жардамы менен атайын жаңдоо тилинде видео даярдадык.

Урматтуу шаардыктар! 118 өз алдынча дартты аныктоо кызматы эми күнү-түнү иштейт.  Чалуу акысыз.

Бир сутка ичинде 1961 чалуу келип түшкөн, шаардыктар түздөн-түз телефон аркылуу адистерден медициналык консультация алышып, ден соолугу тууралуу атайын иштелип чыккан сурамжылоо анкетасын толтурушту.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз, төмөнкү учурларда бизге чалыңыздар:

Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;
Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;
COVID19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;
Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;
Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Адистер анемнез түзүп,анкета толтуруп жагдайга жараша, ал жерге врач, эпидемиолог жана лаборанттын курамында мобилдик медициналык бригада тез арада барып, үйүндө экспресс-скрининг жүргүзүшөт. Бардык кызматтар акысыз!

Урматтуу МЕДИА кызматкерлери! Сиздердин жардамыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!