Жарманке калаанын №12 жана «Асанбай» кичи райондорунун Нуркамал-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.
Сатып алуучулар менен сатуучуларга ыӊгайлуу болуусу үчүн контролдук таразалар орнотулган. Бардык катышуучулар жарманкедеги азыктарды сатуу боюнча белгиленген баалар менен камсыздалышат. Баалар базар баасынан 15-20%га төмөн.
Октябрь акимиатынын экономика, соода жана кызмат көрсөтүү тармагы бөлүмүнүн кызматкерлери иш-чаранын уюштурулушун жана санитардык абалын көзөмөлдөшөт. Октябрь районунун РИИБ жана ЖКК кызматкерлери коопсуздукту камсыздайт.
Жарманкеге Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас областтарынын 160 тан ашык айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышат.