Өчүрүүлөр муниципалдык мүлктү колдонууда карыздарды жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө жүргүзүлүүдө.


Мындай чаралар мөөнөтүнөн өтүп кеткен ижара төлөмдөрүн жоюунун жолу экенин көргөздү. Үч күндүк иштин жыйынтыгында калаанын бюджетине 6 103 471,33 сом топтолду.


Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык менчиктин колдонуучуларына объектилердин электр энергиясын жана сууну өчүрүүдөн качуу үчүн дебютордук карыздарды төлөөнү суранат.