Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспорт пандемия учурундагы коркунучтуу жерлердин бири болууда. Бирок Бишкек мэриясы шаар тургундарынын дем алыш күндөрү такси кызматтарынын иштөөсүнө уруксат берүү боюнча  кайрылууларын жана өтүнүчтөрүн эске алды.

Санитардык нормаларды катуу сактоо шарты менен  дем алыш күндөрү такси кызматтарынын иштөөсүнө уруксат берилди.  «Дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүн чектөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүнү вице-мэр, Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын төрайымы Татьяна Кузнецова киргизди.

Сасык тумоо, жөтөл жана башка оорулардын белгилери бар айдоочуларды ишке чыкпай туруусун абдан өтүнөбүз. Ошондой эле, коргоочу беткап кийүүңүздөрдү, антисептиктерди жаныңыздарга алып, унааңыздардын ичин таза алып жүрүүңүздөрдү, бат-баттан желдетип турууңуздарды суранабыз.

Жүргүнчүлөр дагы санитардык нормаларды сактап, жеке коргонуу каражаттарын жанында алып жүрүүлөрү керек.

Урматтуу шаар тургундары! Үйүңүздөрдө болууңуздар, шашылыш муктаждык болбосо сыртка чыкпаңыздар! Бир гана тартип жана жоопкерчилик оорунун жеңгенге жардам берет. Вирус Бишкекте жана ал абдан коркунучтуу…  Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!
Бишкек-сүйүктүү шаарым!