Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 118 жаңы колл-борборунун иши менен таанышты.
Бул борбордо күнү-түнү 40тан  оператор чалууларды кабыл алып,  клиникалык ординаторлор, өз каалоосу менен келген медиктер кеңештерин берүүдө. Бардык операторлор КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча толук окуулардан өтүүдө.
Шаар башчысы операторлордун иштеринин уюштурулгандыгын текшерип, бардык коргонуу каражаттары менен камсыз кылууну жана тамактандырууну жакшы уюштурууну тапшырды.

Азиз Суракматов өлкөдө болуп жаткан кыйын кырдаалда элибизге жардам берүүгө келген ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, 118 кызматы менен биргеликте бардык райондук акимиаттар, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу жана мобилдик топтор шаардыктарга кеңеш жана жардам берүү үчүн тартылган.Операторлордун айтуусу боюнча, шаар тургундарынын көпчүлүгү тез арада ооруканага жаткыруу жана ПЦР-тесттен өткөрүү өтүнүчтөрү менен кайрылышууда.
Эскерте кетсек, 118 колл-борбору №2 орто мектептин залында КРнын ММК, «Кыргызтелеком» ААК жана Бишкек шаардык телефон тармагынын жардамы менен уюштурулду.

Шаар тургундары тарабынан 118 колл-борборуна кайрылуулар кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу №2 орто мектептин базасына көчүрүлдү.

«118 өзүн-өзү диагноздоо линиясы» КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!