Күндүзгү стационарлар абалы жеңил жана орто деп бааланган алгачкы оорулууларды кабыл алууга даярдыктарды көрүүдө.

Урматтуу фармацевтикалык компаниялардын, дарыканалардын өкүлдөрү! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди кызматташууга чакырат.

Ар бириңиздер пандемия учурунда шаарыбызга жардам көрсөтүп, дары-дармектерди сатуу үчүн өзүңүздөрдүн соода жабдууларыңыздарды стационарларга орноштура аласыздар. Мобильдик дарыканаларга орун акысыз берилет. Бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде электр энергиясы менен камсыз кылуу жана башка шарттарды көрсөтүү мэриясынын эсебинен чечилет. Ишкерлердин маселеси стационарларды дары-дармектер менен камсыз кылуу. 

Ошондой эле, камкор жарандардан, ишкерлерден ооругандар үчүн кычкылтек концентраторлорун сатып алууга көмөктөшүү боюнча бир катар сунуштарды алып жатабыз. Бүгүн гана ишкер Жаныш Кудайбергенов Кожомкул атындагы спорт сарайында уюштурулган стационарга беш концентрат белек кылды. Бишкек шаарынын мэриясы эпидемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Урматтуу ишкерлер! Биз сиздерден стационарларга жабдууларды алууга жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Кийин биз аларды өзүңүздөргө кайтарып беребиз.

Эгерде сиздер шаарыбызды колдоп, стационарларга дарыканаларды ачып же концентраттарды алып келе турган болсоңуз, биздин райондордун акимдеринин орун басарларына кайрылыңыздар:

Биринчи май району: 0551 008 989;

Октябрь району: 0772 157 976;

Свердлов району: 0551 571 823, 0999 855 558;

Ленин району: 0555 184 328.

Вирусту биргеликте жеңебиз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар! 

Бишкек – сүйүктүү шаарым!