Шаар өз ишин улантууда. Шаардык мэрия дайыма ММКларда жана социалдык тармактардагы шаар тургундарынын кайрылууларына мониторинг жүргүзүп турат.

Бизге «Газпром Кыргызстан» мектебинин жанындагы бак дарактарды топурак менен толтурууну токтотуу талабы менен шаар тургуну кайрылган.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын ыкчам тобу аталган дарекке барып, бузууларды аныктады. Аталган жерде «НКБ» курулуш компаниясы иштеп жаткандыгы аныкталды жана куруучуларга жакынкы аралыкта бак-дарактарды калыбына келтирүү, жер тилкесин башкапкы абалга келтирүү милдеттендирилди.

Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерден шаардын аймагында жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин жана санитардык нормаларды сактоого чакырат.

Эгерде мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилерди көргөн болсоңуздар, бузуулардын сүрөт жана видеолорун 0703633833 Алина номерине, ошондой эле Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg социалдык баракчаларына калтырсаңыздар болот.

Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!