Кыйын абалда шаардыктарга колдоо көрсөткөн ишкерлерге жана жардам көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз.

Бүгүн «Адал азык»  («Тойбосс» маркасы) компаниясы шаар мэриясына Түркияда жасалган төрт кычкылтек концентраторун тапшырды.

Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова компаниянын өкүлдөрүнө өмүрдү сактай турган колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Концентраторлор шаардын төрт районунда ачылган төрт стационарга берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ишкерлерге ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаар тургундары! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны жана аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!