Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен калаанын төрт районунда күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Стационарлардан ийне жана тамчылатып дары сайдырууга  жана медкеңеш алууга болот.

Эки күндүн ичинде стационарлар 2 миң 800 шаар тургунун кабыл алды. Учурда 35 дарыгер, 13 ординатор, 52 медайым, санитарлар жана ыктыярчылар иштеп жатышат.

Эскерте кетсек, «Бишкексвет», «Бишкекасфальтсервис», «Тазалык» муниципалдык ишканалары бир түндүн ичинде асма ийнелер үчүн штативдерди, медициналык тосмолор үчүн каркастарды даярдашты. Жалпысынан стационарларга 530дан ашык штатив, 300 тосмо үчүн каркас жеткирилди.  Дагы 200 штатив бүгүн жеткирилет.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо төмөнкү даректерге кайрылсаңыздар болот:

Ленин району: Жайыл Баатыр көчөсү 66, «Газпром» дене тарбия комплекси;

Свердлов району: «Чыгыш-5» кичи району, Мамбетов көч, 21а,  Р. Саанатбаев атындагы дене тарбия комплекси;

Октябрь району: 12-кичи район (чиркөөнүн жанында), «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы;

Биринчи май району: Тоголок Молдо көч, 40, Кожомкул атындагы спорт сарайы.

Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!