Шаарды көрктөндүрүү боюнча пландык иштер улантылууда.

Калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл аймакты жана веложолду кеңейтүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатабыз.

Биз акырындык менен тротуар жана веложол тармактарын курууну улантып жатабыз. Куруу жана көрктөндүрүү иштерин «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексвет», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары жүргүзүүдө, ал эми долбоорун «Бишкекбашкыархитектура» даярдады.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын түштүк бөлүгүндөгү айланма веложолду бүтүрүүдө. Азыркы учурда Д.Асанов атындагы парктын жанындагы бөлүктө иштер жүргүзүлүүдө. Жуманын аягына чейин куруу иштерин толук бүтүрүү пландалууда.

«П» түрүндөгү веложолдун жана тротуардын курулуш иштери жыйынтыкталды. Чүй проспектиси боюнча баардыгы даяр. Манас проспектисиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн аймак ушул жуманын аягына чейин бүткөрүлөт. Абдрахманов (Байтик Баатыр) көчөсүндөгү курулуш иштер ушул айдын аягында жыйынтыкталат.

Дэн Сяопин көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин узундугу 4,4 км веложолдун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Интергельпо жана П.Лумумбы көчөлөрүндөгү бөлүктө асфальт төшөлүүдө. Андан П.Лумумбы көчөсүнө чейин даярдоо иштери өткөрүлүүдө.

Жакында шаардын экологиясын жана ден соолугуңузду сактоо менен велесипед менен жүрө аласыздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!