Пандемия учурунда өзүн өзү диагноздоо 118 кызматы шаар тургундарын колдоону улантууда.

6-июль күнү бизге 6 миң 687 кайрылуу келип түштү, анын ичинен 317 Covid-19га шектенгендер.

Медкеңеш үчүн  көбүнчө Бишкек шаарынын  тургундарынан  4 миң 316 чалуу болгон.

Эскерте кетсек, 118 колл-борбору шаар тургундарына алгачкы медициналык кеңеш беришет. Бул борбордо күнү-түнү 40тан  оператор чалууларды кабыл алып,  клиникалык ординаторлор, өз каалоосу менен келген медиктер кеңештерин берүүдө. Бардык операторлор КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча толук окуулардан өткөн.

«118 өзүн-өзү диагноздоо линиясы» КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!