Калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен калаанын төрт районунда ийне жана тамчылатып дары сайдыруу жана медкеңеш алуу үчүн стационарлар иштеп жатат.

6-июль кечки саат 20:00карата мааалымат боюнча 3 миң 436 жаран кабыл алынды. Тилекке каршы, дагы бир адам каза болуп, жалпы саны 4кө жетти.

Ооругандарды 32 дарыгер, 13 ординатор, 63 медайым, санитарлар жана ыктыярчылар кабыл алууда.

Жеке ишкерлердин колдоосу менен Кожомкул атындагы спорт сарайындагы стационарга -10, «Газпром» дене тарбия комплексине – 8, Чыгыш -5 кичи районундагы Р.Санатбаев атындагы дене тарбия комплексине – 10, «Бишкекнабайкана» муниципалдык ишканасына – 9 кычкылтек концентраторлору орнотулду.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жатсаңыздар, ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш керек болсо, күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн 20:00гө чейин  кайрылсаңыздар болот. Эскерте кетсек, стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган эмес.

Сураныч! Сыртка чыкпаңыздар! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны, аралыкты сактаңыздар. Тартип оорулардын өсүшүн токтотот. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!