Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардагы ишканаларды текшерип, түшүндүрүү иштерин улантууда.

Күн сайын саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин СЭИ инспекторлору шаарды көрктөндүрүү  боюнча иштерди, ал эми саат 20:00дөн баштап  пандемия учурундагы мекемелердин иштерин текшерүүдө.

Тилекке каршы, көпчүлүк ишкерлер,  өзгөчө кафе, ресторан, компьютердик клубдар жана супермаркеттер  эрежелерди сактабай жатышат.

Акыркы жумада гана Чабандес, Асанбувак, Мадина, Райхан, Жома, Сити, Арзы, Найман, На мосту, Империя пиццы, Кыргызбай, Жибек-Жолу, Нурислам, Хого Ош, Атуш, Вкусный тамактануучу жайлары, Олимп, Прогресс, Манас жана Liga компьютердик клубдары санитардык нормаларды бузушту. Санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн «Народный» супермаркетинин 5 филиалына, «Фрунзе» гипермаркетинин 4 филиалына айып пул салынды. Бир жуманын ичинде жалпысынан 275 миң сомго 45 протокол түзүлдү.

7-июлдагы маалыматка ылайык, 541 протокол түзүлүп, 1 миллион 93 миң сом айып салынган.

Протоколдор Бузуулар жөнүндө кодексинин «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» 293-беренеси боюнча түзүлдү.

Урматтуу ишкерлер, шаардыктар! Сураныч! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу! Колуңуздарды бат-баттан жууп, санитардык дистанцияны сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек сүйүктүү шаарым!