Урматтуу шаар тургундары! Бишкекте курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жаткандарды кабыл ала турган стационарлар саат 8:00дөн 20:00 гө чейин иштеп жатат. Стационарлардан  ийне жана тамчылатып дары куюу же болбосо медициналык кеңеш ала аласыздар.

8-июльга карата маалымат боюнча 9 күндүзгү стационар иштеп жатат.

Биринчи май районунда эки стационар ачык: Тоголок Молдо көчөсүндөгү Кожомкул атындагы спорт сарайында 150 орунга жана Патриса Лумумба атындагы көчөсү, 9 дарегиндеги №83 мектепте 50 орунга ылайыкташтырылган.

Ленин районунда үч дарылоо стационары: Жайыл Баатыр көчөсү 66 дарегиндеги  «Газпром» дене тарбия комплексинде 120 орундуу, Токтогул көчөсү 220 дарегиндеги №68 мектепте 30 орундуу жана Дэн Сяопин проспектиси 199 дарегиндеги «Арал» кафесинде 50 орундуу стационар ачылган.

Свердлов районунда:  «Чыгыш-5» кичи району, Мамбетов көч,21 а дарегинде жайгашкан Р.Санатбаев атындагы дене тарбия комплексинде 150 орундуу жана Дордой -13 көч, 487/4 дарегинде №94 мектепте 50 орундуу стационар иштеп жатат.

Октябрь районунда;  №12 кичи району «Бишкекнабайкана» муниципалдык ишканасында 140 орундуу жана Анкара көч,1/10 дарегиндеги «Сейтек» мектебинде 50 орунга ылайыкташтырылган күндүзгү стационарлар ооруган жарандарды кабыл алууда.

Ар бир стационарда калаанын үйбүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медиктери, Мамлекеттик санитардык –эпидемиологиялык көзөмөл борборунун медайымдары жана эпидемиологдору кезметтешет.

Азыркы учурда муниципалитеттин, бизнестин, коомдук уюмдардын жана кайрымдуу шаардыктардын күчү менен керектүү жабдуулар, медиктер үчүн жеке коргонуу каражаттары келип түшүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооруп жатсаңыздар меджардам үчүн күндүзгү стационарларга кайрылсаңыздар болот. Эскерте кетсек, стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган эмес.

Сураныч! Сыртка чыкпаңыздар! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны, аралыкты сактаңыздар. Тартип оорулардын өсүшүн токтотот. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!
Бишкек-сүйүктүү шаарым!