Шаар өз ишин улантууда. Азыркы учурда №19 мектепке кошумча курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Куруучулар covid-19дан коргонуу эрежелерин катуу кармоо менен иштеп жатышат.

Имараттын чыгыш тарабындагы иштер дээрлик бүткөрүлүп, фасадын жасоо иштери башталды. Муну менен бирге имараттын ичин жасоо,  дубалдарды шыбоо жана башка акыркы иштер жүргүзүлүүдө. Негизги мектептин имараты менен кошумча курулушту байланыштыра турган өтмө  галерея жасалууда.

Эскерте кетсек, жаңы эки кабаттуу окуу корпусу 1200 чарчы метрди түзүп, 198 окуучулук орунга ылайыкташтырылат. Имаратта хореографиялык зал, китепкана, окуу класстары жана окуудан тышкаркы ийримдер үчүн кабинеттер бар.

Мектеп сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан курулуш иштерине катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул себептен имараттын пайдубалына 613 кубметр бетон жана 33 миң 600 килограмм арматура колдонулду. Имарат 9 бал күчүндөгү жер титирөөгө туруштук берет.

Мектептин жаңы корпусун курууга шаардык бюджеттен 45 миллион сом каражат каралган.

Ушул оор күндөр өтүп, биздин балдар мектептин жаңы билим алышат деп үмүт кылабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек- сүйүктүү шаарым!