Ɵлкѳдѳ эпидемиологиялык абалдын курч бойдон калуусуна байланыштуу шаар тургундарынын жана медицина кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн коронавирустук инфекциясынан каза болгондордун сѳѳгүн текшерүүдѳ патологанатом дарыгерлери үчүн убактылуу методикалык колдонмо иштелип чыккан.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин №223 буйругуна ылайык, медициналык мекемелерде короновирустан  кѳз жумгандардын сѳѳгү сѳзсүз түрдѳ патологиялык экспертиза үчүн ѳлүкканага жиберилиши керек. Ал жактан органдарга гистологиялык изилдѳѳ гана жүргүзүлѳт.

Экспертиза санитардык талаптарды жана эпидемияга каршы режимди уюштурууну жөнгө салуучу башка ченемдик документтердин негизинде  жүргүзүлѳт.

Ковид-19дан өлгөн адамдардын союлушу патологиялык бөлүмдүн өзүнчө бөлмөлөрүндө өтүшү керек. Кызматкерлердин саны мүмкүн болушунча чектелип, коргоочу костюмдарда (костюм, көз айнек, респиратор, резина өтүк, суу өткөрбөгөн бут кийим, алжапкыч жана халат) болушу зарыл..

Ар бир изилдөөдөн кийин жана иш күндүн аягында ультрафиолет нурланууларын колдонуу менен дезинфекция жүргүзүлөт. Бир жолу колдонулуучу шаймандарды тез арада жок кылуу керек.

Ѳлүктү жеткирүү атайын транспорт (катафлак) же болбосо тамак-аш жана адамдары ташыбаган башка траснпорт аркылуу жүргүзүлѳт.

Сѳѳктү табыпка салгандан кийин анын сыртынан дезинфекциялык каражаттарга чыланган эки катар кездемеге оролот. Жерге берүү зыйнаты эпидемиологдун кѳзѳмѳлү алдыда дин адамдарынын жана жакындарынын гана катышуусунда ѳтѳт

Сovid-19дан каза болгондорду жерге берүүдѳ ѳзүнчѳ жер талап кылынбайт. Белгилей кетсек, Бишкек аза кызматтарын кѳрсѳтүү агенттигинин балансында 6 мүрсѳ бар. Алар КРнын эмгек сиңирген, ардактуу ишмерлерин кое турган  Ала-Арча жана «Чоң-Арык» айылынын жанындагы Түштүк-Батыш  мүрзѳлѳрү, жаңы – «Гроздь» жана жабылган Түштүк, Братское жана Дунган мүрзѳлѳрү.

Белгилей кетсек, Бишкек аза кызматтарын кѳрсѳтүү агенттиги сѳѳктү жерге берүү боюнча бардык кызматтарды кѳрсѳтүшѳт. Кызматтардын баасы мурдагыдай жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу баалары кѳтѳрүлбѳйт. Агенттиктин кѳрсѳткѳн кызматтарынын бааларын www.baru.kg сайтынан кѳрсѳңүздѳр болот.

Бишкек шаарынын мэриясы covid-19 жана пневмониядан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен кѳңүл айтат.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Үйдѳ болуңуздар, жерге берүү зыйнатына кѳп эл чогултпаңыздар, куран окутууларды, эскерүүлѳрдү уюштурбаңыздар. Бул азыр абдан кооптуу. Ѳзүңүздѳрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар!

Бишкек - сүйүктүү шаарым!