Май айында Бишкек автотранспорттук ишканасы кысылган (CNG - compressed natural gas)  же суютулган (LPG — Liquified petroleum gas) жаратылыш газы менен жүргѳн 100 автобусту сатып алууга кайрадан конкурс жарыялаган.

15-июнда катышуучулардын кыска тизмеси аныкталды.

"ДТ Техник" ЖЧК;
Xiamen Golden Dragon Bus Co., Ltd;
ZHENGZHOU YUTONG BUS CO., LTD.

8-июльда тендердик комиссиянын мүчѳлѳрүнүн жыйыны ѳткѳрүлүп, ZHENGZHOU YUTONG BUS CO., LTD кытай компаниясы жеңүүчү деп аныкталды. Компания 657 миллион 977 миң 785 сомго 100 автобусту сунуштады. Каражат шаардык бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, ушул компания 2019-жылы апрель айында жаратылыш газы менен жүргѳн 60 автобусту алып келген.

ZHENGZHOU YUTONG BUS CO., LTD – дүйнѳдѳгү автобус жана электробустарды чыгарган ири компания болуп саналат.

2020-жылы чыгарылган жаңы автобустар 70тен ашык кишини батырат. Отуруучу орундар 26дан кем болбойт. Жапыз, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкташтырылган пандусу бар, ошондой эле негизги шарттардын бири коомдук транспортто “Тулпар» электрондук билет үчүн валидаторлорду орнотуу мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл.

Бишкек –сүйүктүү шаарым!