Урматтуу шаардыктар! Бишкекте курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын жеңил  түрү менен ооругандар кайрыла турган күндүзгү стационарлар саат 8:00дөн 20:00гө чейин  иштеп жатат.

Учурда калаада 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Тизмени бул жерден көрө аласыздар: https://www.meria.kg/ky/post/20489

Ар бир стационарда борбордун  үйбүлөлүк медицина борборлорунун медиктери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун мед айымдары жана эпидемиологдору иштеп жатышат.

Азыркы учурда муниципалитеттин, бизнестин, коомдук уюмдардын жана кайрымдуу адамдардын күчү менен керектүү жабдуулар, медиктер  үчүн жеке коргонуу каражаттары алынууда. Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Эгерде сиздер стационарларды  жабдуулар, дары-дармектер, коргонуу каражаттары жана медицина кызматкерлерин тамак аш менен камсыз кылгыңыз келсе, акимдердин орун басарларына кайрылсаңыздар болот.

Биринчи май району: 0990 999 444 – Аида Жолочуевна;

Октябрь району: 0559 038 585 – Айнура Джанышевна;

Свердлов району: 0999 855 558 – Асель Садыковна;

Ленин району: 0555 184 328 – Жамал Бекмурзаевна.

Биз биргеликте вирусту жеңебиз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!