Шаарды көрктөндүрүү иши пандемия шарттарында да жүргүзүлүп жатат.

Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы гүл бакчада реконструкция иштери жыйынтыкталууда. Гүл бакча аябай өзгөртүлдү. Түстүү таман таштар төшөлүп, ирригациялык түйүнү, тышкы жарыктандыруусу жаңыртылды, ошондой эле сугат үчүн арыктар орнотулду. Жаңы отургучтарды жана таштанды урналарын орнотуу, фонарларды туташтыруу калды.

Объектиде “Береке Стрим” бөдрөтчү компаниясы иш жүргүзүүдө. Гүл бакчаны реконструкциялоо шаардык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоордун суммасы- 7 миллион сомду түзөт.

Белгилей кетсек, учурда иштер убактылуу токтотулду. Шаардагы эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин оңдоо иштери кайрадан башталат. Учурда, калган бардык долбоорлорду каржылоо токтотулду. Себеби, бардык каражат мугалимдердин айлыктарына, күндүзгү стационарларда иштеген медицина кызматкерлеринин керектөөлөрүнө бөлүнүп жатат.

Бишкек –сүйүктүү шаарым!