Ар бир кыйынчылыктын артында чоң кубаныч, жакшылык бар дегендей биздин күндүзгү стационарларда дарыланып жаткан бейтаптарыбыз кичинеден айыга баштады.

Бүгүн Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү стационардан акыркы ийне жана дары тамчылатма алып сакайып  чыккан бейтаптарды калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова, мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев үйлөрүнө узатышты.

Шаар тургундарынын айтуусу боюнча, курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын белгилерин сезгенде эле мэриянын күндүзгү стационарларына кайрылышып,  керектүү медициналык кеңеш, инфузиялык терапия жана инъекциялар курсунан өтүшкөн. Азыркы тапта алар өздөрүн жакшы сезип жатышат.

Белгилей кетсек, стационарлар 11 миң 370 жаранды  кабыл алды жана кезекте тургандардын саны азайды. Шаардыктарга ыңгайлуу болуусу үчүн электрондук кезек терминалы (талон берүүчү) орнотулган.

Бүгүнкү күндө калаада 9 стационар иштеп жатат. Алардын тизмесин бул шилтемеден көрө аласыздар: https://www.meria.kg/ky/post/20489. Ар бир стационарда  Үйбүлөлүк медицина борборлорунун медиктери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат.

Коомдук фонддордун жана ишкерлердин аракети менен дагы бир нече стационар ачуу пландалууда.

Эскерте кетсек, күндүзгү стационарлар калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен ыкчам ачылган.

Бишкек шаарынын мэриясы ооруп жаткан ар бир жарандын эртерээк сакайып кетишин каалайт.

Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар! Үйдө болуңуздар! Курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциянын белгилерин сезе баштасаңыздар дароо медициналык мекемелерге, күндүзгү стационарларга кайрылыңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!