Өлкөдө, шаарда  эпидемиологиялык абал курч болуп жатканына байланыштуу Пионер жана Комсомол көлдөрүн убактылуу жаап жатабыз.

Свердлов районунун акимиаты жана №20 МАБдын кызматкерлери көлдүн айланасына тыюу белгилерин орнотушту.

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерден үйдө болууңуздарды суранабыз. Көлдөр калаада эпидемиологиялык абал жакшырганда гана ачылат.

Кырсык болгон учурда 101, 112 куткаруу кызматтарына кайрылыңыздар.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!