Азыркы кыйын учурда колдоо баарынан кымбат. Биз пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз! Бүгүн «Газпром Кыргызстан» компаниясы шаардык мэрияга Туркияда өндүрүлгөн отуз кычкылтек концентраторлорун тапшырды.

Бишкек мэриясынын биринчи вице-мэри Алмазбек Бакетаев компаниянын өкүлдөрүнө  өмүрдү сактап кала турган белектер үчүн ыраазычылык билдирди.

Концентраторлор шаардын төрт районуна: «Газпром» дене тарбия комплексине, Чыгыш-5 кичи районундагы Р.Санатбаев атындагы спорт комплексине, «Бишкекнабайкана» муниципалдык ишканасына жана Кожомкул атындагы спорт сарайына бөлүнүп берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаар тургундары! Үйдө болуңуздар!  Жеке гигиенаны жана аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды оорудан сактаңыздар! Вирус коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!