Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы пандемия учурунда  шаардагы ишканаларды текшерүүнү, убактылуу иштѳѳ режимин жана санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдѳ.

Түндѳ гана санпатруль 65 уюмга текшерүү жүргүзүп, Фрунзе кѳчѳсү 300/3 дарегиндеги «Олимп» оюн клубу эреже бузгандыгын аныктады. Аталган уюмга  Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3 миң сом ѳлчѳмүндѳгү  айып пул салынды.

11-июлга карата 247 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 1 миллион 121 миң сомду түздү. Бузуучулардын кѳпчүлүгүн коомдук тамактануу жайлары, барлар жана түнкү клубдар, супермаркеттер, футбол аянтчалары жана оюн клубдары түзѳт.

Санитардык текшерүүлѳр күн сайын кечки саат 20:00дѳн кийин ѳткѳрүлүүдѳ.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Ѳтүнүч! Санитардык талаптарды сактаңыздар! Бул вирус менен күрѳшүүнүн жалгыз шарты. Ѳзүңүздѳрдү жана кардарларыңыздарды  оорудан сактаңыздар!

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номери: 0 705 564 756.
Биринчи май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 500 210 470;
Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!