Мэриянын күндүзгү стационарлары күчѳтүлгѳн режимде саат 8:00дѳн 20:00 гѳ чейин иштеп жатат.

Кезекте тургандардын саны азайса да, биз шаардыктарга ыңгайлуу болуусу үчүн дагы күндүзгү стационарларды ачып жатабыз.

«Ак-Босого» жаңы конушундагы №81 мектепке (40 орун), «Ак-Ордо» жаңы конушундагы №96 мектепке (30 орун) жана «Аламүдүн-1» кичи районунун №38 мектебине (50 орун) кошумча күндүзгү стационарлар ачылды. Стационарлар алгачкы шаардыктарды кабыл ала баштады. Мурдагы 9 күндүзгү стационардын тизмеси менен бул шилтемеден тааныша аласыздар: https://www.meria.kg/ky/post/20489

Жардам жана колдоолор бардык жактан берилип жатат. Ишкерлер ар бир стационарлардын шарттарын жакшыртуу үчүн жардам берүүнү улантууда. Эми эки ири стационарда, Кожомкул атындагы спорт сарайында жана «Газпром» дене тарбия комплексинде Биринчи май жана Ленин райондорунда дезинфекциялоо туннелдери орнотулду. Калган эки райондо дагы орнотулат.

Атайын туннелдерди БШК депутаты Аскарбек Куручбековдун аракети менен «Маткасымов» компаниясы белек кылды.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда жардам кѳрсѳткѳн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер курч респиратордук вирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруп жатсаңызар жана ийне, тамчылатып дары куюу, медициналык кеңеш керек болсо, саат 8:00дѳн 20:00 гѳ чейин күндүзгү стационарларга кайрылсаңыздар болот.

Эскерте кетсек, стационарлар оор абалдагы бейтаптарга ылайыкташтырылган эмес.

Сураныч! Үйдѳ болуңуздар, сыртка чыкпаңыздар! Жеке гигиенаны, аралыкты сактаңыздар! Ѳзүңүздѳрдүн саламаттыгыңыздарга кам кѳрүңүздѳр. Тартип, эреже гана COVID-19, пневмония жана башка ооруларды токтото алат.

Ѳзүңүздѳрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар!

Бишкек -сүйүктүү шаарым!