Урматтуу дарыгерлер, медкызматкерлер, санитарлар! Калаада кичине оң динамика байкалып, шаардык мэриянын күндүзгү стационарларына кайрылган шаар тургундары акырындык менен сакая баштады.

Бирок шаар тургундарын covid-19 жана башка оорулардан сактап калуу үчүн медицина кызматкерлери жетишсиз. Дарыгерлер жана медайымдар жетишпей, аябай чарчап калып жатышат.

Бишкек шаарынын мэриясы covid-19 пандемиясы учурунда шаарды коргоо үчүн медиктерди жардамга чакырат.

Биз турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылабыз. Айлык акы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 3-июлундагы №496 буйругуна ылайык,  карантиндик-казарма режиминде иштегендердей күнүнө дарыгерлер- 2 миң 300 сомдон, медайымдар жана атайын ишке тартылган башка кызматтардын кызматкерлерине -1 миң 800 сомдон төлөнөт.

Иштөө убактысы: 8:00дөн 20:00гө чейин.

Толук маалымат үчүн:0770 939 993 Виктория, 0500  848 848 Тансуу.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!